ГРИШИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИ́ШИН Иван Александрович (21.7.1918, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу обл., Пишкек уезди, Васильевка кыш. – 13.12.2006, Кыргызстан, Бишкек) – гвардия майору, Сов. Союз. Баатыры (1945). 1938-ж. Сов. Армияга чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта Суворов ордендүү Кызыл Туулуу 39-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 112-гвардиялык Люблинен аткычтар полкунда батальондун командири. Түн. Кавказ, 3-Украин, 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. Берлинди штурмалоого катышкан. Г. командалык кылган батальон Шпре д-нын батыш жээгине биринчилерден болуп өтүп, плацдармды ээлөө м-н башка бөлүктөрдүн жоготуусуз өтүүсүн камсыз кылган. Бул салгылашта Г. жеке өзү бир нече гитлерчилерди жок кылган. Ленин, Кызыл

Жылдыз, 1–2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.