ЖААЧЫ
ЖААЧЫ (Sagittarius) – зодиак топ жылдызы. Байыркы гректер белгилеген 48 топ жылдыздын бири. Ж. Саманчы жолу галактикасынын жылдыздарга бай алкагында, б. а. Галактиканын борб. багытында жайгашкан. Башка топ жылдыздарга караганда Ж-да 15тен ашык объект жайгашкан. Алардын ичинде Лагуна, Омега (Ак куу), RY Ж., β Ж. ж. б. Галактиканын борб. багыты А Ж. жылдызы м-н дал келет. Ал эми W ж-а X Ж. цефеиддер деп аталат. М 22 (NGC 6656) – шар түрүндөгү жылдыздардын жыйындысы ж-а дүрбү м-н жакшы байкалат. Күн Ж. аркылуу декабрдын орто ченинен январдын орто ченине чейин өтөт.