ЖАА ЭЛЕКТР МЕШИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАА ЭЛЕ́КТР МЕШИ – металл ж. б. материал­ды эритүүдө электр жаасынын жылуулугу кол­донулуучу ө. ж. меши. Алгачкы Ж. э. м. 1898– 1901-ж. Францияда ж-а Италияда курулган. Бул меште жогорку темп-раны (2500°Сге чейин) алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ысытуу ыкмасы б-ча түз ысытылуучу (электр жаасы электрод м-н ысы­тылуучу нерсенин ортосунда күйөт), кыйыр ысытылуучу (электр жаасы металлдан бир канча аралыкта электроддордун ортосунда күйөт) ж-а жабык жаа (жаа электрод чөктүрүлгөн катуу

Жаа электр меши: 1 – диаметри 710 мм, графиттештирилген электрод; 2 – электрод кармагыч; 3 – казанбак; 4 – суу м-н муздатылма казанбак алкагы; 5 – цилиндр корпусу; 6 – суу м-н муздатылма жардам­чы каалга; 7 – меш­ти тик огу б-ча буруучу механизм; 8 – мешти кый­ша йт уучу м ех а­низм; 9 – чорго; 10 – суу м-н муздатылма ийилчээк кабелден жасалган ток бергич; 11 – шток; 12 – суу м-н муздатылма жез түтүгүнөн жасалган ток бергич.

шихтанын катмарынын алдында күйөт) болуп бөлүнөт. Ө. ж-да түз ысытылуучу ыкма кеңири таралган (негизинен болотту эритүүдө). Мындай мештин сыйымд. 350 т га жетет. Жогорку са­паттагы болотту, металлды ж-а эритмени алуу үчүн вакуумдук Ж. э. м. колдонулат. Мында электрод катары сомдолуп пресстелген, куюл­ган, согулган же тапталган титан, болот, нио­бий материалдары пайдаланылат. Ал эми күкүм түрүндөгү майдаланган металлдарды эритүү үчүн вольфрам же графит сыяктуу материалдан жа­салган вакуумдук Ж. э. м. колдонулат. Меш электр энергиясын трансформатордон алат.