ЖАДИДИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАДИДИ́ЗМ (ар. жадид – жаңы) – 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Россия империясы­нын түрк тилдүү калкындагы коомдук-саясий ж-а маданий-агартуу кыймылы. Алгач 19-к-дын 80-жылдарында Волга боюна, Крым татарлары­на, кийин О. Азияга (казак, кыргыз, өзбек ж. б.) тараган. Негизинде Ж. мусулман мек­тептеринде ж-а медреселерде окутуунун жаңы ыкмаларын, б. а. анын мазмунун өзгөртүп, дин м-н катар математика, география, тарых, био­логия сыяктуу сабактарды окутууну максат кылган. Ж-дин негиздөөчүлөрү катары И. Гас­принский, Ш. Маржани, А. Ибрагимов, М. Абду­рашидханов, М. Бехбуди, А. Фитрат ж. б. эсеп­телет. Анын жактоочулары улуттук иск-вонун ж-а ад-ттын өнүгүүсүн, аялдардын тең укуктуу­лугун, мектептерде өз эне тилинде окутууну, падышалык Россиянын баскынчылык саясаты­на каршы рухий жаңыланууну көздөшкөн. Мусулман дин мектеп, медреселеринде сакталып келаткан эски окуу-тарбия иштерин заман та­лабына шайкеш өзгөртүүгө аракеттенишкен. Айрым дин кызматкерлери Ж. кыймылын динге каршы аракет катары баалап, кысым көрсөтүш­көн, о. эле падыша өкмөтү, анын өкүлдөрү па­дышачылыктын О. Азия ж-а Казакстандагы баскынчы саясатына зыянкеч адамдар катары тоскоолдук кылышкан. Жадид мектептеринин окутуучуларынын көбү Казань, Уфа, Оренбург, айрымдары Стамбул, Багдад ш-нан билим алышкан. 19-к-дын аяк ченинде Россия мусул­мандары хадимчилер ж-а жадидчилер болуп, бири бирине каршы эки топко бөлүнгөн. Хадим багытындагылар «Сират ал-Мустаким» («Туура жол») аттуу партия түзүп, И. Гаспринский Бак­чысарай ш-нда чыгарган «Тержиман» гезитинин (1883-жылдан) көз карашына каршы 1907-ж. Оренбург ш-ндагы басмакана ээси Г. Хусаинов­дун каражатына «Дин уа магишат» («Дин жана өмүр») деген журнал чыгарышкан. Эки багыт­тын өз ара карама-каршылыгына, ж. б. кыйын­чылыктарга карабастан, Ж. кыймылы өзгөчө күч алып, мындай мектептерде табият-таануу­га, айрыкча түрк калктарынын тарыхы м-н ад-тына көбүрөөк көңүл бурулган. Уфадагы «Га­лия», Оренбургдагы «Хусеиния», Казандагы «Мухаммедия», Кырг-ндагы «Шабдания», Казак­стандагы «Мамания» сыяктуу мектеп-медресе­лер Ж-дин ири очокторуна айланган. 1913-ж. Түркстан аймагында Ж. багытындагы 92 мек­теп-медресе болгон.


Ад.: Бартольд В. В. История культурной жизни Туркестана // Соч., Т. 2, Ч. 1. М., 1963; Худайку­лов А. М. Просветительская деятельность джадидов Туркестана. Таш., 1995. А. Кубатова.