ЖАЗДОО
ЖАЗДОО – көктөм, жазгы жайыт. Жаз алды м-н тоо этеги, адыр-белес, дөңсөө-кыр сыяктуу жерлерге көк эрте чыгып, тез жетилет. Жер тоборсуп, оту 12–15 смге жеткенде мал Ж-го чы-
гарылат. Жазгы көк чөптө малга аш болумдуу азык заттар арбын болгондуктан, мал тез эттенип, төл бат торолот. Жайлоонун чөбү жетилгенче Ж. кеңири пайдаланылат, к. Жайыт.