ЖАЗДЫК ӨСҮМДҮКТӨР
ЖАЗДЫК ӨСҮМДҮКТӨР – себилген жылы гү лдө п, түшүм бер үүчү би р жылдык а. ч. өсүмдүктөрү. Күздүк өсүмдүктөрдөн айырмаланып, анын бир эле вегетация мезгили (жаз-жай) болот. Ж. ө-гө дан эгиндери (арпа, буудай, сулу, жүгөрү, шалы ж. б.), чанактуу, май алынуучу (күн карама, соя ж. б.), тоюттук бир жылдык чанактуу өсүмдүктөр, табигый дан өсүмдүктөрү,

< <img src='ЖАЗДЫК ӨСҮМДҮКТӨР5.png' alt='Байыркы пиктографиялык жазуу. Пасха аралынан табылган байыркы Египет иероглифи' /> булалуу өсүмдүктөр (гозо, зыгыр ж. б.) ж. б. кирет. Айрым өсүмдүктөр жаздык ж-а күздүк өсүмдүктөргө шарттуу түрдө бөлүнөт, себеби алардын ортосунда эки жолу эгилме деп аталган өтмө түрлөрү бар. Алар эрте жазда эгилип, түшүм берет. Жазда эгилип, ошол эле жылы түшүм берүүчү бир жылдык (мис., азык тамырлуу өсүмдүктөр: сабиз, пияз, кызылча, шалгам ж. б.), көп жылдык (бир жылдык өсүмдүк катары эгилүүчү, мис., кене дан, томат, тамеки ж. б.) өсүмдүктөр да Ж. ө-гө кирет.