ЖАЗУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗУУ – 1) сөздүн (кептин) катталышы; гра­фикалык белгилердин ж-а сүрөттөрдүн жарда­мы аркылуу ой-сезимди, сөздөрдү чагылдыруу­чу белги. Ал бардык доорду бири-бири м-н бай­ланыштырып, өз сапатын улам жакшыртып отуруп, азыркы абалга келген. Ж. – адамдын оюн, сөзүн кагаз бетине түшүрүүдө колдону­лат. Ж. – коомдогу зор табылгалардын бири, мад-ттын жогорку жетишкендиги. Кайсы гана элди албайлы, бардыгынын Ж-су бири-бири­нен туруктуу белгилери, формасы м-н айырма­ланган системаны түзөт. Ж-да белгилердин фор­масына карата эмес, маанисине, б. а. кептин кайсы элементтеринин (сөз, муун же тыбыш) белги аркылуу туюнтулушуна карай типтерге бөлүнөт. Ушул негизде дүйнө тилдеринин Ж-су 4 типке бөлүнөт: пиктографиялык жазуу, идео­графиялык жазуу, муун жазуусу ж-а тыбыш жазуусу. П и к т о г р а ф и я л ы к Ж. – Ж-нун эң байыркы түрү. Анда туюнтма катары бү­түндөй бир кабар билдирүүчү сүрөттөр (пик­тограммалар) колдонулган. И д е о г р а ф и я­л ы к Ж-нун жазуу белгиси бүтүн бир сөздү же анын таанымал бөлүгүн туюнтат (мис., кытай иероглифи). Жеке турганда маани берген муун­дар – м у у н Ж-нун белгилери болуп эсепте­лет. Бул жазууну көбүнчө сөздөрүндө муун саны аз тилдер колдонот. Т ы б ы ш Ж-нун түрү – үнсүз тыбыш Ж-су ж-а вокалдык-тыбыштык Ж. (мындагы белгилер үндүү-үнсүз – экөөнү тең билгизет); 2) май живописи техникасында – ири полотнону тартууда лессировкадан мурда боёк­ту сүртүүнүн артынан эле жасалчу негизги про­цесс. Ж-нун саны сүрөтчүнүн ишине жараша болот, алардын ар бири боёктун толук курга­шы м-н бүтөт. Кеңири ж-а так эмес маанисин­де – кээде боёктук сүртүмдү ж-а бүткөн карти­наны же анын деталдарын оңдоо (автордун өзү оңдобогон жерлерин кошуп да) Ж. деп аталат.