ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ
ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Кара-Көл ш-на караштуу Жазы-Кечүү айыл округунун курамында. Деңиз
деңг. 980 м бийикте жайгашкан. Кара-Көл ш-нан 6 км түн. тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 74 км. Калкы 1491 (2007); негизинен мал
чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.