ЖАЙЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЛОО – жайкы конуш, мал жайыты. Ж-го абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Ж. ички ж-а сырткы болуп бөлүнөт. Ички Ж-го бөксө тоолордогу, сырткы Ж-го алыс­кы бийик тоолордогу (Ысык-Көлдүн сырты) жайыттар кирет. Ж-нун чөбү жагымдуу ж-а сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, орга­низми чың болот. Ж-до негизинен бетеге, шы­бак, доңуз сырты, тулаң ж. б. ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кар­малат. Кырг-ндын Ж-лору деңиз деңг. 2500– 3000 м бийиктикте орун алган, мис., Ак-Сай,

Суусамырдагы Чоң-Корумду жайлоосу.

Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр ж. б. Би­йик тоо арасы төр, ат жайлоо делет. Ж-лордун чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, мис., ат Ж-лордо гектарынан 1,1 цден 14,9 цге чейин, бөксө тоолуу Ж-дон 5,3–18,3 цден чөп алынат. Ж. чөбү өсүп, сабак байлардын астында малга жегиликтүү, гүлдөп баш алганда күчтүү келет. Бөксө Ж-лордогу 1 ц кургак чөптө 45–80 тоют бирдиги, 7–10 кг сиңимдүү белок болот. Ж. чө­бүндө иод аз. Ж. ар кандай бийиктикте болгон­дуктан, бийик тоолуу Ж-го кой, бөксө тоолорго уй м-н жылкы жаюу сунуш кылынат.