ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ
ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ – 1927–33-жылдардагы Кырг-ндын тоолуу аймактарында Совет бийлигинин кыска мөөнөткө шайланган уюмдары. Мындай абал же жайлоолордун башкаруу борборунан алыс болушу ж-а калктын аздыгынан бардык малчыларга жетекчилик кылуу (билим берүү, мед. жардам көрсөтүү, укук коргоо, маданий-агартуу ж. б.) жай мезгилинде кыйынчылык туудурган. Мис., эң ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнүнө Казакстандын айрым райондорунан да малчылар келип, жыл сайын алардын саны 6000 түтүнгө чейин жетип, өздөрүнүн туруктуу жашаган адм.-айм. борборлорунан алыс калышкан. Ошондуктан, алыс жердегилерди сов. ж-а парт. уюмдар начар тейлеп же иш жүзүндө жайлоолор уруулар б-ча бөлүштүрүлүп, талаш-тартыш көп болгон. Натыйжада, 1927-ж. 20-февралда Кыргыз АССР БАК «Жайлоо совети жөнүндөгү убактылуу жобо» кабыл алган. Ошол эле жылдын жазында Суусамырда убактылуу Ж. советин уюштуруу ж-дө токтом кабыл алынып, ал жайлоодо бийликти орнотуу, көчмөн малчыларды чарбачылык ж-а маданий жактан тейлөөнү максат кылган. Кантондук атком кандай укукка ээ болсо, Ж. с. дал ошондой укук алып, Суусамыр, Алай, Көк-Ойрок,
Арпада ж-а Ысык-Көлдүн сырттарында түзүлгөн. Жапырт коллективдештирүүнүн башталгандыгына ж-а жерг. уюмдардын чыңдалганына байланыштуу 1933-ж. Ж. с. райондук, айыл советтеринин курамына киргизилген.
К. Дүйшөналиев.