ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ – 1927–33-жылдардагы Кырг-ндын тоолуу аймактарында Совет бийли­гинин кыска мөөнөткө шайланган уюмдары. Мындай абал же жайлоолордун башкаруу бор­борунан алыс болушу ж-а калктын аздыгынан бардык малчыларга жетекчилик кылуу (билим берүү, мед. жардам көрсөтүү, укук коргоо, мада­ний-агартуу ж. б.) жай мезгилинде кыйынчы­лык туудурган. Мис., эң ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнүнө Казакстандын айрым район­дорунан да малчылар келип, жыл сайын алар­дын саны 6000 түтүнгө чейин жетип, өздөрүнүн туруктуу жашаган адм.-айм. борборлорунан алыс калышкан. Ошондуктан, алыс жердегилерди сов. ж-а парт. уюмдар начар тейлеп же иш жү­зүндө жайлоолор уруулар б-ча бөлүштүрүлүп, та­лаш-тартыш көп болгон. Натыйжада, 1927-ж. 20-февралда Кыргыз АССР БАК «Жайлоо сове­ти жөнүндөгү убактылуу жобо» кабыл алган. Ошол эле жылдын жазында Суусамырда убак­тылуу Ж. советин уюштуруу ж-дө токтом ка­был алынып, ал жайлоодо бийликти орнотуу, көчмөн малчыларды чарбачылык ж-а маданий жактан тейлөөнү максат кылган. Кантондук атком кандай укукка ээ болсо, Ж. с. дал ошон­дой укук алып, Суусамыр, Алай, Көк-Ойрок,


Арпада ж-а Ысык-Көлдүн сырттарында түзүл­гөн. Жапырт коллективдештирүүнүн башталган­дыгына ж-а жерг. уюмдардын чыңдалганына байланыштуу 1933-ж. Ж. с. райондук, айыл со­веттеринин курамына киргизилген. К. Дүйшөналиев.