ЖАЙНАКОВ 1
ЖАЙНАКОВ Аманбек (7. 10. 1941-ж. т., Талас обл., Талас р-ну, Кырк-Казык айылы) – физика-математика илимд. доктору (1984), проф. (1987), КР УИАнын академиги (2000), Крдин

илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1992). КР-дин илимге эмг. сиң. ишмери (2000). КМУну (1963) ж-а анын аспирантурасын (1966) аяктаган. 1963-жылдан КМУ-да окутуучу, улук окутуучу, доцент, проф., кафедра башчысы болуп иштеген. 1976- жылдан Кыргыз ССР Билим берүү министрлигинин астындагы Информатика ж-а маалымат технологиясы ин-тунун директору, 1996-жылдан КМТУнун кафедра башчысы ж-а 2003–08-ж. КР УИАнын вице-президенти. Анын ил. эмгектери жылуулук физикасына, жогорку темп-радагы процесстердин жылуулук ж-а масса алмашуу теориясына арналган. Жылуулук физикасынын маселелерин чыгаруунун сан методдору ж-а жаа разрядындагы энергия ж-а масса алмашуу б-ча ил. багытка зор салым кошкон. 200дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 9 монографиясы, 5 окуу китеби ж-а колдонмосу жарык көргөн. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Теория столба электрической дуги (в соавторстве). Новосибирск, 1989; Электрическая дуга– генератор низкотемпературной плазмы (в соавторстве). Ф., 1991; Численный анализ неосесимметричных электрических дуг (в соавторстве). Б., 2001.