ЖАЙНАКОВА
ЖАЙНАКОВА Айнек (10. 11. 1940-ж. т., Ысык- Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Тосор айылы) – ад-тчы, филология илимд. кандидаты (1985), КР-дин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1998). 1964-ж. КМУнун филология ф-тин, 1968-ж. аспирантурасын бүтүргөн. 1969- жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунун (азыр Ч. Айтматов атн. Тил ж-а ад-т ин-ту) Манас бөлүмүндө кызматкер. «Семетей» эпосунун тарыхый генеал. негизи (1962) аттуу эмгеги манас таануу илиминдеги тарыхый салыштырма ыкмада жаралганы м-н баалуу. Ал «Семетей» эпосунда чагылдырылган доордун мүнөзүн ж-а андагы генеал. циклдештирүү принцибинин өзгөчөлүгүн изилдөөгө арналган, эпостогу байыркы элементтердин, жомоктук, мифол. катмарлардын орун алышы фактылык материалдар м-н бекемделген. «“Сейтек” – «“Манас”» үчилтигинин корутунду бөлүмү» (1984) монографиясында «Сейтек» эпосунун «Манас» үчилтигиндеги орду, мааниси, тема, идея, образдар системасы талданат. Салттуулук м-н жеке айтуучулук чеберчиликтин карым-катышы сыяктуу ар кыл маселеге арналган жүздөгөн макаланын автору. О. эле С. Каралаевдин варианты б-ча «Манастын» 1-томун, «Сейтекти» (Р. Кыдырбаева м-н бирге) түзүп, баш сөз жазган. Эки томдон турган «Манас» энциклопедиясынын авторлорунун бири. С. Каралаевдин варианты б-ча «Манастын» (4 китеп) ж-а «Семетейдин» (4 китеп) акад. басылышын түзүүчү ж-а адис редактору.