ЖАЙЫЛ КЫРГЫНЫ
ЖАЙЫЛ КЫРГЫНЫ – болжол м-н 1779- же 1780-жылдары Олуя-Ата, Талас аймагында болуп өткөн кандуу окуя. 18-к-дын 2-жарымындагы Жуңгар хандыгынын жоюлушу ага себеп болуп, Олуя-Атадан (азыркы Тараз) Иле д-нын жээгине чейинки конуштар кыргыз казак ортосунда талаш маселеге айланган. 1764–65-, 1769-, 1773-жылдардагы бир нече жолку салгылашуулардан кийин (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары), сарыбагыштан Эсенкул баатыр, саяктан Качыке баатыр, солтодон Кебек бийлер кеңешип, Түлөбердини элчи кылып, казактар м-н тынч турууга макулдашкан. Бирок, мындай макулдашууга карабастан, солтодон Момокон, Жайыл баатыр, саяктан Садыр баатыр казактарды бир нече жолу чаап, Чолок-Коргон, Сузакка чейин жетишип, ошондой жортуулдардын биринде Абылай хандын жакын адамы (Улуу жүздүн Ботбай уруусундагы Кудайкул тукуму) өлтүрүлгөн. Натыйжада Улуу жүз казактары Абылай хандан жардам сурашканда, ал 12 миң кол м-н Түгүшкөн, Олуя-Ата тараптан кыргыздарга катуу чабуул жасаган. Бул чабуулда казактардын колу үчкө бөлүнүп – бир бөлүгү Таластын Капкасына, экинчиси Олуя- Атага аттанып, үчүнчүсү Корготу суусу тарапты чаап, бейкам жатышкан кыргыздар, өзгөчө солто, саруу, кушчу уруулары катуу жабыр тарткан. Садыр баатыр уулу Доскулу м-н Капкада колго түшөт. Солто уруусу Корготу суусунун жээгиндеги урушта курчоодо калып, Жамансарт уулу Бөрүбай баштаган азыраак гана бөлүгү кутулуп чыккан. Момокон, Жайыл, анын уулдары Үсөн, Теке, Итике ж-а Эсиркемиштин уулу Мурат сыяктуу белгилүү баатырлар колго түшүп, Момокон м-н Итикеден башкалары өлүм жазасына тартылган. Солто, саруу (көбү колпочтор), кушчу урууларынан көп адамдар кырылган. Бул ж-дө «эрдигинен солто, эси жогунан колпоч кырылды» деген ылакап сөз калган. Туткунга түшкөндөрдү казактар көчүрүп кетип, алардын урпактары «бай кыргыз» деген ат м-н азыркыга чейин Казакстан Респ-нда турушат. Ж. к-на байланыштуу Жайыл баатырдын кызы Бегайым кошок кошкон. Бул окуялар белгилүү окумуштуу Ч. Валихановдун да эмгегинде эскерилген.
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соч. в пяти томах, А., 1961. Т. 1; Сулейменов Р. Б., Моисеев В. А. Из истории Казахстана XVIII века. А., 1988; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 1; Жайыл баатыр: история современность и будущее. Материалы научнопрактический конференции. Б., 2006; Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Махаева А. ²азаө-өыр¹ыз саяси байланыстарының тарихы (XVIII ¹асырдың екiншi жартысы – XX ¹асырдың бас кезi). А., 2007; Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б. Жайыл баатыр. Б., 2004–05, Т. 1, 2. Э. Турганбаев.