ЖАКАРТА
ЖАКА́РТА – Индонезиянын борбор шаары. Ява а-нын түн.-батышында, бухтадагы майда аралдарда чачыранды жайгашкан. Провинция статусуна теңдеш өзгөчө борб. район. Калкы 8,6 млн (2007). Агломерациясы м-н 18,2 млн. Агломерациядагы ири шаарлары: Бекаси, Тангеранг, Депок, Богор. Ж. Батыш Ява провинциясынын округдары м-н Жаботабек мегалополисин (калкы 23 млн; 2007) түзөт. Жолдор тоому. Ява деңизиндеги башкы порту – Танжунг- Приок (жылына 20 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Ж-да 100дөн ашык ЖОЖ (а. и. ун-ттер ж. б.), ил. из. ин-ттары, китепканалар, музейлер, театрлар, улуттук галерея бар.

Машина ж-а кеме куруу (ремонттоо), электроника, хим., целлюлоза-кагаз, нефть ажыратуу, тигүү, тамак-аш, текстиль, металлургия ө. ж. ишканалары иштейт. Банктар көп. Ж-нын агломерациясы Түш.-Чыгыш Азиядагы автомобиль ө. ж-нын башкы борбору [негизинен автомобиль жыйноо; жылына 300 миңге жакын; ири з-ддору: «Astra Interntional» («Toyota»,
«Honda», «Daihatsu», «BMW», «N issan »),
«Indomobil» («Nissan», «Volvo», «Masda» ж. б.)]. Ж-нын ордунда 5-к-да эле тургун жай болгон деп божомолдонот. 1527-ж. султан Бантама ал жерде португалиялыктарды жеңгенде ошол жердеги Сунда-Келапа кыш-н Бантамага кошуп, Жаякерта («Улуу жеңиштин шаары» дегенди түшүндүрөт) атайт. Шаар 17-к-дын башында голланддар тарабынан талкаланган. 1619-ж. ушул эле жерге алар тарабынан Батавия чеби курулган. Анын айланасына түшкөн шаар да 1621-ж. Батавия аталган. 1945-ж. 17- августта Индонезия көз каранды эместикке ээ болгон. 1949-жылдан Батавия Ж. аталган. Шаардын тарыхый борборунда голл. арх-нын көптөгөн белгилери байкалат. Каналдар, 17– 18-к-дагы үйлөр, Пенанг дарбазасы, эски чиркөөлөр (17-к-га таандык), ратуша сакталган. Истикляль (1984) ж-а Нурул-Худа (2000) мечиттери курулган. Ж-да Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн кинофестивалы, Азия (1962), Түш.-Чыгыш Азия (1979, 1987, 1997) оюндары өткөрүлүп турат.