ЖАККАР МАШИНАСЫ
ЖАККА́Р МАШИНАСЫ – токуу станогуна орнотулуп, кездемеге кооз түр ж-а сүрөт салып токуу процессин автоматташтыруучу механизм. Ж. м-н 1801-ж. француз токуучусу ж-а механиги Жозе-Мари Жаккар (1754–1834) ойлоп чыгарган (аты ошондон).

Бул машинада кездеменин бетине чексиз түр салып токууга болот. Мында ар б и р жи пт и же алардын бир тобун алып жүрүүчү 100дөн 1000ге чейин илгич орнотулат. Жип илгичтин саны канчал ык к ө п б ол с о, кездеменинбетине ошончолук татаал түр түшүрүүгө мүмкүн. Ж. м. кооз кездеме, дасторкон, килем ж. б. буюмдарды токууда кеңири колдонулат.