ЖАКШЫЛЫК ЖАНА ЖАМАНЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКШЫЛЫК ЖАНА ЖАМАНЧЫЛЫК – мо­ралдык аң-сезимдин эң кеңири түшүнүктөрү; этика окуусунун адамдардын бири бирине бол­гон адептик жоопкерчилиги, ыймандык парзы м-н байланышкан нарк баалуулуктарын тутуу-


дагы оң-терс жактарын мүнөздөөчү өзөктүү кате­гориялары. Ж а к ш ы л ы к ж-дөгү түшүнүктө адамдардын ак дилиндеги бакубат таламдары, бийик умтулуулары, ак ниеттүү каалоолору ж-а келечекке карата ак пейилден күткөн үмүттөрү чагылат, алар (жакшылыктар) чыныгы ак ние­ти м-н жардамдашууга, ар убак көмөктөш бо­лууга даяр турган асыл аракеттер. Ж а м а н­ч ы л ы к категориясы – маңызы б-ча жакшы­лык түшүнүгүнүн карама-каршысы. Жаманчы­лык м о р а л д ы к ж-а с о ц и а л д ы к болуп бөлүнөт. Жаманчылык – м о р а л д ы к талаптарга түздөн-түз каршы келген, коомдогу жат көрүнүштөр, жүрүм-турумдар, жорук-жосун­дардын жыйынтыгы, о. эле адептик терс сапат­тардын жалпы абстракттуу мүнөздөмөсү. С о­ц и а л д ы к түрү – коомдогу терс көрүнүштөр­дүн кеңири тобун камтыган, коомдун таламда­рына, жашоонун бакыбаттуу жүрүшүнө кедерги болгон, тымызын же кыйыр түрдө каршы ту­руп, жалпы прогресске тоскоолдук түзгөн субъек­тивдүү көрүнүштөрдүн бүткүл жыйындысы.