ЖАКЫПБЕК
ЖАКЫПБЕК Ниязбек уулу (18-к-дын 2-жарымы – 19-к-дын 1-жарымы) – бугу уруусунун атынан орус падышалыгына жиберилген алгачкы элчиликтин өкүлү. 1813-ж. 7-сентябрда Миркурбан Ниязов жетектеген кербен Семейден Турпанга (Чыгыш Түркстан) баратып, Ысык-Көл кылаасына токтоп өткөн. Ичинде А. Л. Бубенов болгон бул кербенди жерг. бугу уруусунун төбөлдөрү жылуу тосуп алып, тийиштүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Россия империясы м-н байланыш түзүү ж-дө сибирдик бийликке расмий кайрылууга макулдук беришкен. Кербенди кытай чек арасына чейин узаткан А. Бубенов кайра кайтканда, бугу уруусунун манаптары Шапак, Шералы өз элчиси катары Качыбек Шералы уулун, ага Ж-ти кошуп, 1813-ж. 21-ноябрда Семейге жөнөткөн. Алар 1814-ж. 5-январда Семипалатинск чебине, анан Тобольск ш-на келип, Сибирдин генерал-губернатору Г. И. Глазенаптын расмий кабыл алуусунда болуп, орустар м-н соода байланышын түзүүнү ж-а кыргыздардын жери аркылуу Кытай, Тибет, Кашкар, Жаркент тарап-
ка өтүүчү орус соодагерлерине жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришип, падыша м-н жолугуу үчүн Санкт-Петербургга жөнөтүүнү өтүнүшкөн. Бирок Санкт-Петербургдун алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилеринин өтүнүчү канааттандырылган эмес. Алар шаардагы бир катар чептерди, Барнаулдагы з-ддорду кыдыртып көрүшкөн. Ж. элчилик ишмердиги үчүн асылташ чөгөрүлгөн шакек м-н сыйланган. Элчилер 1815-ж. кайтып келишкен. Т. Өмүрбеков.