ЖАКЫПБЕКОВ
ЖАКЫПБЕКОВ Ашым (12. 8. 1935, Талас обл., Кара-Буура р-ну, Шекер айылы – 4. 6. 1994, Бишкек)

– жазуучу, киносценарийчи, адабий ишмер ж-а котормочу, КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1993), КРдин Токтогул атн. мамл сыйл. лауреаты (1996; көзү өткөндөн кийин). 1958-ж. КМУнун кыргыз филологиясы ф-тин бүтүргөн. 1958–61-ж. «Ала- Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1961– 63-ж. Талас обл-нын Шекер айылындагы орто мектепте мугалим, 1964-ж. «Кыргызмамбаста» редактор-консультант, 1965–69-ж. «Мектеп» басмасында редакция башчысы, 1969–72-ж. «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редакторунун орун басары, 1972–85-ж. башкы редактор, 1985–87-ж. Кырг-н жазуучулар союзунда «Манас» секторунун кызматкери, 1987–93-ж. «Кыргыз маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактору, 1993-жылдан «Манас- 1000» мамл. дирекциясынын «Манас» эпосу б-ча башкы адиси болуп иштеген. 1961-ж. «Жаралуу көгүчкөн» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. «Катаал багыт» (1966) повести, «Биз атасыз өскөнбүз» (1969), «Кыргыз жеринин жомоктору» (1981), «Шаа-Ата» (1990) деген аңгемелери анын кылдат стилист, таланттуу сөз чебери экендигин айгинелейт. Ж. кыргыз профессионал кино өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошту. Анын «Ысык-Көлдүн апийими», «Ата журт», «Айдагы жезкемпир» сыяктуу сценарийлери бар. Котормочу катары С. Цвейгдин, М. Лермонтовдун, М. Горькийдин, А. Чеховдун, о. эле Ч. Айтматовдун орус тилинде жазылган чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ж. 40 басма табактан ашык көлөмдөгү «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде кара сөз түрүндө «Теңири Манас» (1994) романын жазган. «Манас» эпосун жайылтууда чоң эмгек сиңирген. Жазуучу кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүүсүнө, адабий процесстин алга жылуусуна зор салым кошуп, окурманга эстетикалык рахат, руханий азык болуп бере алган чыныгы көркөм чыгармаларды жаратты. Чыгармалары орус ж. б. тилдерге которулган. Туулуп-өскөн айлындагы бир көчөгө ысмы берилген. П. Казыбаев.