ЖАКЫПОВ 1
ЖАКЫПОВ Жеңиш Илебаевич (13. 10. 1954-ж. т., Ысык-Көл обл., Балыкчы ш.)

– милициянын генерал-майору (2008). СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1976), Москва академиясын (1982) бүткөн. 1976– 78-ж. Нарын обл. ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүнүн улук инспектору, 1978–80-ж. Тогуз-Торо р-ндук Ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 1982–84-ж. Нарын обл. ички иштер башкармалыгында соц. менчикти уурдоого ж-а алып сатарлыкка каршы күрөш бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, начальниги, 1984-жылдан обл. ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1988– 89-ж. Ысык-Көл обл. ички иштер башкармалыгынын соц. менчикти уурдоого ж-а алып сатарлыкка каршы күрөш бөлүмүнүн начальниги, 1989–91-ж. ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгынын начальниги, 1991–98-ж. Ысык-Көл обл. ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, начальниги, 1998–2003-ж Нарын обл. ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2003–05-ж. КРдин Ички иштер министрлигинде Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын начальниги, 2006-ж. баңги заттарга каршы күрөшүү б-ча башкармалыктын начальниги, 2006–08-ж. КРдин ички иштер министринин орун басары. 2008–09-ж. КРдин Ички иштер министринин Түштүк региону б-ча орун басар болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.