ЖАЛ 2
ЖАЛ – рельефтин түрдүү жол м-н (эол, аллювий, аккумуляция, мөңгүнүн аракети, суу эрозиясы, дефляция, денудация, гравитация процесстеринен) пайда болгон кууш, кыр болуп узатасынан созулуп жаткан формасы, жапыз дөңсөө. Уз. жүздөгөн мден ондогон (жүздөгөн) кмге чейин, салыштырмалуу бийикт. 100–160 мге чейин жетип, адатта аралча түрүндө жайгашат. Ж-дар көбүнчө тасма сымал созулуп, токой м-н капталган. Батыш Сибирдин токойлуу талаа ж-а талаа зоналарында кеңири таралган. Рельефтин мындай формалары казак тилинде – «жал», азербайжан, түркмөнчө – «йал», тува тилинде – «чел», халка-моңголчо – «дал», эвенкче – «далил», орусча – «гривы» деп аталат. «Ж.» термини көптөгөн оронимдердин (Ак-Жал, Кызыл- Жал, Кара-Жал ж. б.), ойконимдердин (Кадамжай, Сокулук р-ндорундагы кыштактардын) аталыштарында учурайт.