ЖАЛААК
ЖАЛААК , л и з у х а, а л л о т р и о ф а г и я (лат. lambitus) – малдын даам сезиминин бузулушу. Уй, кой, эчки, чочко, тоок, чанда жылкы ж-а башка айбанаттар ылаңдайт. Ж. денеде минерал зат, а. и. натрийдин жегич туздары, микроэлемент, витамин, амин к-тасы жетишпегенде пайда болот. Остеомаляция, итий, өнөкөт гастрит, гастроэнтерит, боор ылаңдарында, кутурмада байкалат. Ж. м-н мал көбүнчө жазында ылаңдайт. Айрым жерлерде Ж. топуракта минерал заттардын жетишсиздигинен болот. Ылаң создугуп өтөт, мал көрүнгөн нерсени жалап, чайнайт, жейт, жем жебейт. Арыктап, териси кургайт, кунардуулугу төмөндөйт, ылаң ашынып кетсе өлөт.