ЖАЛААК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛААК , л и з у х а, а л л о т р и о ф а г и я (лат. lambitus) – малдын даам сезиминин бузу­лушу. Уй, кой, эчки, чочко, тоок, чанда жыл­кы ж-а башка айбанаттар ылаңдайт. Ж. денеде минерал зат, а. и. натрийдин жегич туздары, микроэлемент, витамин, амин к-тасы жетиш­пегенде пайда болот. Остеомаляция, итий, өнө­көт гастрит, гастроэнтерит, боор ылаңдарында, кутурмада байкалат. Ж. м-н мал көбүнчө жа­зында ылаңдайт. Айрым жерлерде Ж. топурак­та минерал заттардын жетишсиздигинен болот. Ылаң создугуп өтөт, мал көрүнгөн нерсени жа­лап, чайнайт, жейт, жем жебейт. Арыктап, те­риси кургайт, кунардуулугу төмөндөйт, ылаң ашынып кетсе өлөт.