ЖАЛАЛ-АБАД
ЖАЛАЛ-АБАД – Жалал-Абад обл-нун борбору (1991-жылдан);

1887-жылдан шаар. Чыгарган продукциясынын көлөмү ж-а ө. ж. потенциалы б-ча Кырг-нда Бишкек, Ош ж-а Токмоктон кийинки 4-шаар. Көгарт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун ж-а Бишкек – Ош авто-
Шаардын кире беришиндеги салтанат капкасы. Алдыңкы планда Курманбек баатырдын эстелиги.
мобиль жолунун боюнда жайгашкан. Автомобиль ж-а темир жолдор тоому. Кырг-ндын борбору – Бишкек ш-нан 560 км түш. тарапта; Ош ш-на чейин эл аралык эски жол м-н (Өзбекстандын Ханабат ш. аркылуу) 60 км, жаңы жол м-н (Өзгөн ш. аркылуу) 100 км. Шаар аянты 8821 га. Калкы 92,1 миң (2009). Ж.-А. шаары – 1924– 26-ж. округдун, 1926–28-ж. кантондун, 1939– 59-ж. ж-а 1991-жылдан облустун борбору.
Шаар Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн түзгөн Көгарт өрөөнүнүн түзөң түш.-чыгыш чет-жакасында, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы болгон Айып-Тоонун этегинде, деңиз деңг. 755 мден (түш. бөлүгүндө) 800 мге чейинки
(түн. бөлүгүндө) бийиктикте жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түздүктүү; түш.-батышты карай жалпы жантайыңкы. Мында төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон шагылдын үстүн лёсстуу катмар жаап жатат.
Ж.-А. – Кырг-ндагы эң жылуу ж-а күнөстүү шаар. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деңиздик климатка окшоп кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орт. темп-расы 27°С, кышы мелүүн суук, жумшак, январдын орт. темп-расы –4,1°С. Жаан-чачындын жылдык орт.
өлчөмү 490 мм. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саатты түзөт. Түш.-батыштан жай соккон (0,6 м/сек) шамал үстөмдүк кылат.
Ж.-А. ш-нын батыш тарабынан Көгарт, чыгыш тарабынан Чаңгет суулары агып өтөт. Көгарт суусунан ирригациялык көп тармактар башталып, сугат каналдарына таралып кетет.
Чаңгеттин суусу сугатка кеңири пайдаланылат.
Шаар жайгашкан аймакта жер астындагы суунун запасы да бар.
Суу ресурстарынын ичинен маанилүү орунду Айып-Тоонун капталынан чыккан ысык ж-а минералдык суулар түзөт. Мында 60тан ашык булак бар, алардын 5и ысык (37–42°С), 12си жылуу (20°Сден жогору), калганы муздак булактар. Бул ысык ж-а минералдык суулардын кендери О. Азиядагы эң белгилүү Жалал-Абад курортунун (ал шаардан 5 км аралыкта, деңиз деңг. 984 м бийиктикте жайгашкан) дарылоочу базасы болуп саналат. Курорттон 2,5 км аралыктагы 27 РЭ көзөнөгүнүн суусу Жалал-Абад пиво з-ду тарабынан «Жалал-Абад» ¹ 27 деген ат м-н бөтөлкөгө куюлуп, дары-суусундук суу катары соода тармактарына жөнөтүлөт. Курортто минералдуу суулардан сырткары, о. эле дары баткак (чым көңдүү) да пайдаланылат. Анын кени шаардан 5 км түш.-чыгыш тарапта, Айып- Тоонун батыш капталында, деңиз деңг. 1070– 1075 м бийиктикте жайгашкан.
Шаардын чеги ж-а Көгарт өрөөнүнүн ага чектеш аймагы жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттык зоналарында жайгашкан.
Калкы
. Ж.-А. Октябрь рев-ясына чейин эле Кырг-ндагы ири шаарлардын бири болгон. 1897-

жылкы бүткүл Россиялык эл каттоонун маалыматы б-ча Ж.-А-дын калкы 2713 (анын 1377си эркек, 1336сы аял), 1913-ж. 4,5 миң болгон. 2009-ж. шаар калкы 97,2 миң адамга жеткен; алардын 48,5%ин эркектер, 51,5%ин аялдар түзөт. Шаарда 30дан ашык улут өкүлдөрү жашайт, анын 45%тейи кыргыздар, 30%тейи
өзбектер, 25%тейи башка улуттар.
Шаар калкынын эмгекке жарамдуусу 55,5% (же 45,5 миң адам), экон. активдүүсү 28,3% (23,2 миң). Калктын табигый өсүүсү 2000-ж. 1141, миграциянын эсебинен өсүүсү 90 адамды түзгөн. Шаардын экономикасынын реалдуу секторунун ишканаларында 2000-ж. 16,7 миң адам иштеген (шаардын эмгек ресурсунун 34,5%и). Анын 41,0%и ө. ж-да, 8,0%и курулушта, 8,5%и транспортто, 25,0%и а. ч-да, 17,5%и башка тармактарда иштеген. Рыноктук өзгөрүү мезгилинде шаарда соода, кызмат көрсөтүү (мейманкана) ресторан ж. б. чөйрөлөрү өнүгө баштады. Соода
чөйрөсү рынок шартына тез ылайыкташып кетти. Бирок, жумуш м-н камсыз кылуунун тармак б-ча бөлүнүшү заманбап экономиканын талабын толук канааттандыра албайт.
Тарыхы.
Ж.-А. Фергана обл-нун экономикасына ж-а социалдык-маданий жашоосуна таасир этүүчү ири кыштак катары 19-к-да белгилүү болгон. Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суунун молдугу калкты кызыктырып, кыштак тез эле өнүгө баштаган. 19-к-дын орто ченинде бул жерде кербен сарай болуп, Фергана өрөөнүнүн ж-а Көгарт, Тогуз-Торонун калкынын ортосунда мал чарба продуктуларын алмашуучу дүң соода түйүнүнө айланган. 1890–1910-жылдарда Ж.-А-да болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Почта иштей баштаган. Пахта ж. б. тех., бакча өсүмдүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда «Тажрыйба» участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган. Ал эми 1912-ж. 6 орундуу 1-оорукана иштей баштаган. 1914-ж. көпөс Журавлёв 1-жолу мех. тегирмен курган. 1916-ж. Ж.-А-да 1-банк ачылган, шаарга т. ж. жеткирилип, 1916-ж. 1-поезд келген. Шаарда 1917-ж. 17–19-декабрда Совет бийлиги жарыяланган. Кырг-н Россияга кошулгандан кийин Ж.-А. болуштуктун, 1924–28-ж. Жалал-Абад округунун борбору болгон. 1927–28-ж. Жалал-Абад кантону уюшулуп, Айым, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Майкен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чаткал болуштуктарын бириктирип, борбору Ж.-А. шаары болгон. 1928-ж. Жалал-Абад кантону Ош кантону м-н биригип, Ош округу аталган. 1939– 59-ж. Жалал-Абад обл-нун борбору болгон.
1926-ж. обл. китепкана ачылган. Ж.-А. шаарында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, иштеген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү б-ча
төрага; 1926–29), Эргеш Алиев (милициянын генералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы) ж. б. 1926-ж. педтехникум ачылган. Ал 1947–57-ж. мугалимдер ин-ту деп аталган. Учурда ал Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ).
1938-ж. зооветмектеп ачылып, ал 1947-ж. зооветтехникум болгон. Ошол эле жылы механизаторлордун мектеби ачылып, 1992-жылдан лицей.
Шаарда пахта тазалоочу (1939), кыш, сүт
з-ддору, МТС, тери иштетүүчү, кийим тигүүчү цехтер, эт комбинаты ж. б. ишканалар, маданий мекемелер, спорт аянтчалары ачылган. Согуштан кийинки жылдары экон. ж-а турмуш-тиричилик мекемелери кеңейген. 1947-ж. аэропорт, пиво з-ду ж. б. курулуп, 1950-ж. шаардын өнүгүшү үчүн 1-генералдык план бекитилген. Обл. керек-жарак коому, Түш.-Кыргыз жаңгак токойлору б-ча башкармалык уюштурулуп, кичи райондор пайда болгон. 1960–70-жылдары шаар андан ары өнүктү. «Кыргызмунай» чалгындоо экспедициясы Ж.-А-да уюштурулуп, облустагы жанар май базалары аныкталды. Избаскенден Ж.-А-га чейин созулган газ кууру курула баштады. Шаардык турмуш-тиричилик комбинаты, жер казуучу техникаларды даярдоочу, насос, курулуш материал чыгаруучу ишканалар, шаарды ж-а облусту (Ош обл-н да) суюлтулган газ м-н камсыз кылуучу база, мебель ф-касы ж. б. бар. Ж.-А. шаары 1980-жылдары Кырг-ндын
ө. ж. ж-а маданий ири борборлорунун бирине айланды. О. эле пахта тазалоочу з-д, кондитердик бирикме, мебель ж-а кийим тигүү ф-калары, жыгаччылык, курулуш материалдар комбинаттары, жер казуучу техникаларды ремонттоо ж-а тамеки ферменттөө з-ддору бар экон. борбор болуп саналат.
1996-ж. Кырг-нда 1-болуп, нефть продуктуларын кайра иштетүүчү комбинат, элге керектүү товарларды чыгаруучу эл аралык биргелешкен ишканалар ишке киргизилди. 1993-жылдан ун-т, коммерциялык ин-т, окутуунун жаңы технологиясына негизделген лицейлер, Барпы атн. обл. драма театры, филармония, маданий борборлор ачылды. Көп улуттуу шаар болгондуктан, улуттук-маданий борборлор уюшулган, мезгилдүү басылмалар чыгат, телекөрсөтүү иштейт. 2001-ж. облуста Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси белгиленген. Салтанатка арналып, Ж.-А. шаарынын кире беришине «Курманбек – кылымдар мурасы» комплекси, «Фольклордук талаа», «Телтору» ат майданы ж. б. курулган. 2007-ж. Ж.-А. шаары 125 жылдыгын белгиледи.
Экономикасы.
Ж.-А. шаары – Кырг-ндагы социалдык-экон. инфраструктурасы өнүккөн адм., маданий ж-а ө. ж-луу негизги борборлордун бири. Ө. ж. тармактары ж. б. мекемелерде иш- тегендердин саны б-ча Ж.-А. – Кырг-ндын түштүгүндөгү 2-ири шаар. Облустун өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 26,7%ин Ж.-А. шаарынын ө. ж. ишканалары чыгарган товардык продукция түзөт, ал эми электр энергия өндүрүшүн кошпой эсептегенде ал 42,0%ке жетет. Катталган субъектилер менчиктөө формалары б-ча 91,3%и (2624 субъект) жеке менчикке, 5,7%и (165), мамл. ж-а 3,0%и (85) коммуналык менчикке тиешелүү. Алардын көбүн чакан ишканалар, азыраагын орто ж-а ири ишканалар түзөт. Чарба жүргүзүүчү субъектилердин дээрлик көбү соо-

да, кызмат көрсөтүү, транспорт, а. ч., ө. ж. ж. б. тармактарда катталган.
Ө. ж. продукциясынын басымдуу бөлүгүн отун (57,1%), жеңил (25,0%), ун-аралаш тоют (5,5%), тамак-аш (4,3%), машина куруу ж-а металл иштетүү (1,5%), курулуш материалдары (0,7%), башка өндүрүштөр (5,9%) берет. Шаардагы ири
ө. ж. ишканалары: «Кыргыз Петролеум Компани» биргелешкен ишканасы, «Кыргыз пахтасы» ААК, «Айып булак» з-ду АК, «Арак заводу» ЖАК, «Азрет айып» дан продуктулар комбинаты АК, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы,
«Нур» АК, «Азиз тамеки», «Мата» АК ж. б. Бул ишканалар пахта буласын (8,1 миң т өндүргөн), ферменттелген тамеки (3,1 миң т), ун (5,2 миң т), суу ж-а ликёр-алкоголь ичимдиктери (154,7 миң дал), токулбаган кездеме (узундугу 415,2 миң м), туташтыргычтар (151,8 миң даана), жеңил машиналар үчүн тетиктер (54,4 миң даана), бензин (46,8 миң т), дизель майы (18,7 миң т), мазут (11,2 миң т) өндүргөн. Шаардын ө. ж. ишканалары консоль насосторун (52 даана), электррадиаторлорун (220 миң даана), курама-бетон (1,1 миң м3), эмерек (3,3 млн сомдук), шпон (60 миң м2), минералдуу суу (1581,0 миң бөтөлкө), о. эле элге кеңири керектелүүчү тигилүү кийим ж-а трикотаж буюмдарын, эмерек, азык-түлүк товарларын, өсүмдүк майын, кондитер ж-а макарон азыктарын, суусундуктарды, самын ж. б.
чыгарат (2006).
Шаардын к у р у л у ш к о м п л е к с и н е пахтаны кайра иштетүүчү «Ак алтын» биргелешкен ишканасынын имараты (жылдык кубаттуулугу 12,5 т пахта буласы), жалпы аянты 8675 м2 келген турак-жайлар, салтанат капкасы ж-а ат майдан кирет.
Шаарда чет өлкөлүк (АКШ, Канада, Түш. Корея, Кытай, Түркия, Швейцария, Италия өлкөлөрүнүн) ири компаниялар ж-а фирмалар м-н биргелешкен 13 ишкана иштеп, чыгарган продукцияларын Борб. Азия өлкөлөрүнө экспорттоодо. О. эле Кыргыз Респ-нын Улуттук банкынын обл. филиалы, «Кыргызөнөржайкурулушбанк», Ачык типтеги АК «Эсептешүү-аманат компаниясы», «Кыргызстан», «Дос-Кредобанк»,
«Автобанк», «Курулуш банк» ж. б. банктардын филиалдары иштейт. Мындан сырткары финансы уюмдары м-н кредиттик линиялардын 18
өкүлчүлүктөрү м-н филиалдары бар.
Ж.-А. шаарынын аймагында т р а н с п о р тт у н төрт түрү өнүккөн. Алар – автомобиль, т. ж., аба ж-а куур транспорту. Булардын ичинен маанилүүсү – автомобиль транспорту. Негизги жол тоому катары облусту Кырг-ндын башка аймактары, респ-нын борбору – Бишкек ш., о. эле Өзбекстан, Тажикстандын шаар-кыштактары м-н байланыштырып турат. Ири магистралдары: Ж.-А. – Бишкек, Ж.-А. – Ош,
Ж.-А. – Анжиян (Өзбекстан), Ж.-А. – Токтогул, Ж.-А. – Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя, Ж.-А. – Арстанбап ж. б. Автомобиль жолунун жалпы уз. 415 км, алардын 70%и асфальтталган. Сырткы экон. байланыштары негизинен т. ж. транспорту м-н жүргүзүлөт. Бишкек – Ж.-А. т. ж. тармагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын аймактары аркылуу өтөт. Жүргүнчү ж-а жүк ташууда а б а т р а н с п о р т у н у н да мааниси чоң. «Жалал-Абад» аэропортунан Бишкек, Каракол, Чолпон-Ата ш-на ж-а Казарман кыш-на авиакаттам болуп турат. Г а з к у у р у Кочкор-Ата шаарчасынан Ж.-А. ш-на жүргүзүлгөн. Магистралдык газ куурунун уз.
102 км, жогорку басымдуу газ куурунуку
171 км. Ж.-А-да газ бөлүштүрүүчү 4 тармак жана 50 пункт бар. Шаарда уз. 10,2 км келген троллейбус линиясын куруу пландаштырылууда. Калкты телефон, телеграф байланышы, радио ж-а телекөрсөтүү м-н Ж.-А. «Кыргызтелеком» ишканасы камсыз кылат. Шаарда эл аралык линияга чыгууну камсыз кыла турган автоматташтырылган транзиттик түйүн (АТУК), шаар ичиндеги байланыштын 13 миң номурлуу автоматташтырылган телефон станциясы иштейт. 1994-ж. амер. «КАТЕЛ» фирмасы м-н уюктук (сотовый) байланыш пайдаланууга берилген.
«КАРТ» тибиндеги радиотелефон станциясы көчмө телефондук байланышты камсыз кылат. 1998-жылдан «Интернет» компьютердик байланыш системасы иштөөдө.
Шаарда 400дөй соода, коомдук тамактануу ж-а турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүү түйүндөрү бар. Борб. базар (аянты 19800 м2; 501 орундуу), Шабдалызар (700 орундуу), «Мадумар ата» фирмасынын (80 орун), «Адилет» (380) ж. б. жеке менчик базарлар, о. эле 6 чакан базар, 4 ресторан (500 орундуу), «Мөлмөл» мейманкана комплекси (200дөн ашык орун) иштөөдө.
Шаардын алгачкы чеги 1923-ж. апрелде белгиленип, ага 12 кыштак кирген. Шаар чегинин уз. периметр б-ча 14 кмди түзгөн. Шаарда 10 миңдей адам жашаган, 12 көчөсү болгон. Аянты 704 ганы түзүп, турак жай фондусу негизинен бир кабаттуу үйлөрдөн (жалпы аянты 113 миң м2) туруп, ал эми 2 кабаттуу үйлөр 6 миң м2ди, б. а. 2,4%ти гана түзгөн. Ж.-А. ш-нын алгачкы башкы планы «Кыргыздолбоор» тарабынан 1950-ж. иштелип чыгып, кабыл алынган; ушул планга ылайык курула баштаган. Учурда шаар эски борб. бөлүгүнөн сырткары 6 кичи районго бөлүнөт (алар Улуу Ата Мекендик согуштан кийин пайда болгон). Шаардын борб. бөлүгү башкы планга ылайык реконструкцияланып, азыр да жаңыланууда. Шаардын
чет-жакаларында «Достук», «Жеңиш», «Курманбек», «Пригородный», «СМУ-городок», «Спутник» кичи райондору ж-а Тайгараев атн. айыл округунун турак жайлары жайгашкан. К о мм у н а л ы к ч а р б а с ы. Ж.-А. шаарында суу куурунун уз. 176 км, а. и. көчө тармактарынын уз. 82 км. Суу белгиленген кубаттуулугу суткасына 57,2 миң м3 болгон 20 бургулоо көзөнөгү м-н алынат. Алар шаардын ар кайсы райондорундагы 9 насостук станцияда жайгашкан, кубаттуулугу суткасына 2,7 миң м3. Канализация тармактарынын уз. 60 км, а. и. башкы коллекторлордуку 30 км, көчө тармактарыныкы 16,5 км, ички кварталдары м-н короо жайлардыкы 13,5 км. Мындан сырткары шаардын аймагын селден коргоочу Сел-Арык, Чоң-Арык, Хан-Арык каналдары бар.
Б и л и м б е р ү ү, с а л а м а т т ы к с а кт о о ж - а м а д а н и я т ы. Ж.-А. – Түш. Кырг-ндагы мад-ттын ж-а билим берүүнүн ири борбору болуп саналат. 19-к-дын аягында шаарда 8 мечит, 2 мектеп болсо, азыр жалпы билим берүүчү 20 мектеп иштеп, анда 20 миңден ашуун окуучу билим алат; 20 бала бакчада 3 миңден ашык бала тарбияланууда. 3 лицей, 2 спорт мектеби, балдардын экология, край таануу ж-а тех.
чыг-лык ж-а балдарга билим берүү борборлору,
балдардын чыг-лык үйү, кыргыз-түрк лицейи, менчик ж-а муз. (1956-жылдан), сүрөт (1975- жылдан) мектептери, мад-т техникуму, мед. окуу жайы (1939-жылдан), пед. коллеж бар; о. эле 2 кесиптик-тех. лицей (1938-жылдан айылдык, 1957–75-ж. шаардык кесиптик-тех. окуу жайы болгон) бар. ЖОЖдор [Ж.-А. мамл. уни-ти (ЖАМУ), Ж.-А. коммерциялык ин-ту,
Кыргыз-өзбек эл достугу ун-ти, о. эле Кыргыз мамл. дене тарбия ж-а спорт академиясынын, КЭУнун, Ош ТУнун филиалдары] ж-а Ж.-А. мамл. тех. ин-ту иштейт. Ил. из. иштерин КР УИАнын Түш. бөлүмүнө караган Биосфера, Энергетика ж-а Микроэлектроника ин-ттары, Табиятты коргоо коому жүргүзөт.
Ж.-А. шаарында калкты мед. жактан тейлөөчү 21 мекеме иштейт, анын 6сы стационар (2000); анда 432 врач (анын 106сы шаар калкын тейлейт) ж-а 949 мед. орто билимдүү кызматкер эмгектенет. Шаарда обл. бириккен оорукана, обл. балдар ооруканасы (305 орундуу), кургак учук оорусун дарылоо диспансери (1947-жылдан иштейт), «Бакыт» балдар реабилитация борбору, 5 бейтапкана, 11 үй-бүлөлүк врачтар тобу, «Дени сак үй-бүлө» борбору, обл. төрөт үйү (130 орундуу) иштейт. Шаар калкынын ден соолугун
чыңдоодо Жалал-Абад курортунун мааниси зор.
Шаарда 7 кинотеатр, обл. китепкана (5 филиалы бар; жалпы китеп фондусу 600 миңден ашык нуска), музей, 3 эс алуу паркы (Токтогул ж-а Навои атн., «Спутник» кичи районунда), 2 стадион, үстү жабык спорт залы, сууда сүзүү үчүн бассейн ж-а 500 орундуу ден соолук чыңдоо комплекси бар.
Шаарда 3 тилде 11 гезит чыгат; алар: «Мезгил үнү», «Голос времени» (шаардык гезиттер),
«Акыйкат жарчысы» (кыргыз тилинде), «Жалол-Абод тонги» (өзбек тилинде, обл. гезиттер). Обл. телерадиокомпания, 5 коммерциялык телекомпания иштейт, аларда берүүлөр кыргыз, орус ж-а өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.
Ад.: Трунов В. Ф. Жалал-Абад. Хроника событий (1877–1999), даты, цифры, факты. Жалал-Абад. 1999; Жалал-Абад облусу: Энциклопедия. Б., 2003. Ө. Бараталиев, Т. Кененсариев, А. Мырзаев.