ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ – климаттык-баль­неол., минералдуу суу ж-а баткак м-н дарылоо­чу курорт. Ал Жалал-Абад ш-нан 5 км чы­гыш тарапта, Көгарт өрөөнүндө, Айып-Тоонун


батыш капталында, деңиз деңг. 975 м бийикте жайгашкан. Климаты континенттик, кышы жумшак, кары аз, январдын орт. темп-расы – 2°С; жаз эрте келет; жайы ысык, кургак, июль айынын орт. темп-расы 27°С. Жылдык жаан­чачыны 460 мм, анын көбү жаз ж-а күз мезги­лине туура келет. Курорттун негизги дарылоо факторлору: минералдуу суулар, баткак ж-а климат. Минералдуу суулары 1877-ж. 1-жолу хим. изилдөөдөн өткөрүлүп, дарылык касиети аныкталган. Курорт 1939-жылдан жыл бою үзгүлтүксүз иштейт. Ысыктыгы 44°Сге жеткен минералдуу суунун курамында азот газы, хло­рид-сульфат-гидрокарбонат натрий-кальций бар (к. Жалал-Абад минералдуу суусу). Минералдуу суу ванна, душ алуу ж-а ичүү жолдору м-н да­рыланууга пайдаланылат. Баткак м-н дарыло­одо аппликация, тампон ж-а баткакты электр тогу м-н айкалыштырылып жүргүзүлөт (к. Жа­лал-Абад баткак кени). Курортто муун, борб. ж-а четки нерв системасынын ооруларынан, ка­рын, боор, өт баштыкчасынын сезгенүүсүнөн, тери, бөйрөк, гинекол. оорулардан жапа чек­кендер дарыланат.