ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ (ЖАМУ) – Кырг-ндын түш. тарабындагы мамл. жогорку окуу жайы. 1993-ж. пед. окуу жайдын, зооветеринария техникумунун (Жалал-Абад ш.), ФПИнин филиалдарынын (Каракөл, Таш-Көмүр ш.), Кочкор-Ата электрондук приборлор ж-а Майлы-Суу электр-тех. техникумдарынын базасында түзүлгөн. ЖАМУ – филология, тарых, информатика, экономика, экология, технология ж. б. жогорку квалифика-

циялуу адистерди даярдоочу тажрыйбалуу окуу жай. Окуу жайды бүтүргөндөр атайын орто, жогорку, толук жогорку билимге ээ болушат. 9 ф-ти, 2 колледжи, 2 техникуму, 1 мектеп-лицейи бар, 14 миңден ашык студент 58 адистик б-ча билим алышат. 700дөн ашык ил. даражалуу адистер эмгектенет. 16 окуу корпусу, 32 акыркы үлгүдөгү компьютерлер м-н жабдылган аудиториялар, 122 атайын лабораториялар, 2000 орундуу 6 жатакана, 600 000 даана китеп фонду бар ил. китепкана кызмат кылат. ЖАМУда 15тен ашык ил. багыттар б-ча ил. из. иштери жүргүзүлүп, аспирантуранын күндүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмү иштейт. 2000-жылдан «ЖАМУ-нун кабарлары» («Вестник ЖАГУ») журналы кыргыз ж-а орус тилдеринде чыгарылат. ЖАМУнун Штутгард ш-ндагы Хоенхайм ун-ти, Вена ш-ндагы Бону ун-ти ж. б. м-н байланыштары бар. 2003-ж. Кырг-ндагы АКШ элчилиги м-н келишим түзүлүп, «Америка ордосунун» ресурстук борбору ачылган. Анатомия музейинде жаныбарлардын 300дөн ашык экспонаттары чогултулган. КВН командалары, студенттик театр, «Аска» эстрадалык тобу, «Беш ыргай» вокалдык-кыздар ансамбли, «Сайма» бийчилер тобу иштеп, 2003–04-ж. респ. «Ала-Тоо жазы» фестивалында Гран-прини алышкан, 2005-ж. биринчи орунду ээлешкен. «Славян маданияты», «Өзбек маданияты» борборлору, Азада Бегимкулова атн. коомдук фонд ж-а «Рыспай Абдыкадыров» клубу бар. Ай сайын көп тираждуу «Студиолис» газетасы чыгарылат. Ректорлору: У. Н. Биримкулов (1993–96), Т. Б. Бекболотов (1996–99), К. С. Алыбаев (1999–2000), Ж. Б. Бөкөшов (2000–05), А. Аширалиев (2005– 08), Т. К. Кененсариев (2009–10). А. Аширалиев.