ЖАЛ-АРЫК 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛ-АРЫК I – Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү 1– 5-к-да жашаган байыркы көчмөн хунн уруула­рына таандык көрүстөн. Анда 700гө жакын мүр­зө бар (көпчүлүгүнүн диаметри 10–20, бийикт. 1–2 м). Маркумдардын сөөктөрүн арча табыт­тарга салып, казанактуу жайларга коюшкан. Карапа идиштер, жыгач чөйчөктөр, алтын бет­кептин (маска) калдыктары, түрдүү түспөлдөгү шурулар, коло күзгүлөр, акак таш чөгөрүлүп жа­салган алтын шакек, сөйкөлөр, темир кылыч­тар, жаанын жебелери, айнек бокал, соот­тун калдыктары табылган. 1959-, 1963-, 1968-, 1969-ж. археолог Ы. Кожомбердиев изилдеген.