ЖАЛГАН КЫЧЫ
ЖАЛГАН КЫЧЫ , г о р ч и ц а (Sinapis) – кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир, чанда көп жылдык чөп өсүмдүк. 7–10 түрү белгилүү, негизинен сарепт Ж. к-сы эгилет. Сабагынын бийикт. 25–150 см, бутактуу, түз өсөт. Саадак мөмөлүү, сары күрөң түстө, даамы ачуу. Данында 35–50% май болот. Ал тамак-аш, консерва, парфюмерия ө. ж-нда, дары-дармек жасоодо керектелет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Ж. к. негизинен Төмөнкү Волга бою, Казакстан, Түн. Кавказда эгилет. Ар гектарынан 12–15 ц (кээде 25– 27 ц) түшүм жыйналат. Илдеттери: жалган кебер, дат. Зыянкечтери: кайчы гүлдүүлөр бүргөсү м-н канталасы, капуста күбөсү, Ж. к. жалбырак жегичи (коңуз) ж. б.