ЖАЛГАН КЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛГАН КЫЧЫ , г о р ч и ц а (Sinapis) – кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир, чанда көп жылдык чөп өсүмдүк. 7–10 түрү белгилүү, неги­зинен сарепт Ж. к-сы эгилет. Сабагынын би­йикт. 25–150 см, бутактуу, түз өсөт. Саадак мө­мөлүү, сары күрөң түстө, даамы ачуу. Данында 35–50% май болот. Ал тамак-аш, консерва, пар­фюмерия ө. ж-нда, дары-дармек жасоодо керек­телет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Ж. к. неги­зинен Төмөнкү Волга бою, Казакстан, Түн. Кав­казда эгилет. Ар гектарынан 12–15 ц (кээде 25– 27 ц) түшүм жыйналат. Илдеттери: жалган ке­бер, дат. Зыянкечтери: кайчы гүлдүүлөр бүргөсү м-н канталасы, капуста күбөсү, Ж. к. жалбы­рак жегичи (коңуз) ж. б.