ЖАЛГАСЫНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛГАСЫНОВА Дарыйка (20. 3. 1941-ж. т.‚ Талас обл.‚ Кара-Буура р-ну‚ Чолпонбай айы­лы) – ырчы (лирика-драмалык сопрано)‚ Кыр­гыз ССРинин эл арт. (1983).

П. И. Чайковский атн. Москва мамл. консерваторияны бүткөндөн (1966) Кыргыз акад. опера ж-а балет театрынын‚ 1978- жылдан Кыргыз мамл. теле­радиокомитетинин симф. оркестринин солисти. Клас­сикалык ж-а улуттук опе­раларда аткарган партияла­ры: Калыйман‚ Зулайка‚ Чы­нар (А. Малдыбаев‚ В. Вла­сов‚ В. Фере‚ «Айчүрөк»‚ «Ма­нас»‚ «Ажал ордуна»)‚ Ши­рин (А. Аманбаев‚ «Бойдоктор»)‚ Зияда (Н. Дав­лесов‚ «Аста-секин колукту»)‚ Маргарита (Ш. Гу­но‚ «Фауст»)‚ Ксения (М. Мусоргский‚ «Борис Го­дунов»)‚ Лиза (П. Молчанов‚ «Бул жердин таңы бейкут») ж. б. Кыргыз комп-лорунун‚ обончу­лардын ыр-романстарын чебер аткарат. Дүйнө­нүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. 2001-ж. Ж-нын «Замандаштарга эстелик» аттуу ыр жыйнагы чыккан. Медалдар м-н сыйланган.