ЖАЛГЫЗ-ТЕРЕК
ЖАЛГЫЗ-ТЕРЕК , А к - Ч и й – Нарын р-нундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Нарын д-нын оң жээгинде, деңиз деңг. 1905 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 45 км түн.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 215 км. Кыштак 1930-ж. отурукташкан. Калкы 1054 (2007); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.