ЖАЛЕЙКА
ЖАЛЕ́ЙКА ‚ б р е л к а – орустардын чымылдактуу үйлөмө муз. аспабы. Беларустарга да тараган. 3–7 көзөнөгү бар‚ жыгачтан жасалат. Анын бир жагына уйдун мүйүзүнөн жасалган түтүкчө кийгизилет. Жалпы уз. 140–200 мм. Ж. элдик ыр-бийди коштойт‚ башка аспаптар м-н бирге ансамблде‚ оркестрде ойнолот.