ЖАЛИЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛИЛ (Ж а л и л о в, Залилов) Муса Муста­фович (2. 2. 1906, Татарстан, Мустафин кыш. – 5. 8. 1944, Берлин) – татар акыны, Сов. Союз. Баатыры (1956, өлгөндөн кийин). ММУнун ад-т ф-тин бүтүргөн (1931). ВЛКСМ БКнын татар бал­дар журналынын редактору (1931–41). Чыг-лыгы 1919-жылдан башталган. 1925-ж. алгачкы «Биз баратабыз» деген ырлар ж-а поэмалар жыйна­гы чыккан. «Өткөн жолдор» (1924–28), «Эп­киндүү партизан» (1930), «Кат ташыгыч» (1940) ж. б. ырларында ошол кездеги жаштардын эп­киндүү эмгегин даңазалаган. «Алтын чач» (1941; СССР мамл. сыйл., 1948) ж-а «Ильдар» (1941) операларына либретто жазган. «Маобит депте­ри» ырлар цикли (1957, Лениндик сыйл.) – адам­дардын каармандыгынын ж-а туруктуулугунун гимни. 1968-ж. ал ж-дө «Маобит дептери» ат­туу фильм тартылган. 1942-ж. жарадар болуп туткунга түшкөн. Фашисттик түрмөдө өлтү­рүлгөн.


Ад.: Бикмухаметов Р. Г. М. Джалиль. Личность. Творчество. Жизнь. М., 1989.