ЖАЛПАК ТАМАНДУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПАК ТАМАНДУУЛУК – тамандын кобу­лу түзөлүп, жалпак болуп калышы. Жумшак, жеңил басууда бут сөөгүнүн скелетинин түзүлүшү өзгөчө орунду ээлейт. Бут кетменинин сөөктөрү бир нече майда ж-а орт. сөөктөрдөн турат. Бут кетмениндеги майда сөөктөргө келип бириккен шыйрактын булчуң эттеринин тарамыштары­нын кандайдыр бир кырсыктардан же оорулар­дан жабыркашы Ж. т-ка алып келет. Анда аде­генде тизе, шыйрак, анан буттун таманы ооруп, чарчагандгында шал оорусуна чалдыккан, оор кара жумуш жасаган, ыңгайсыз бут кийим көп кийген, ашыкча семирген адамдар, оор жүк көтөрүп ж-а тикесинен тик туруп иштеген уста­лар, куруучулар көп оорушат. Узунунан жат­кан кобулу орт. бузулганда, тизенин ооруганы күчөйт, таман ысып сайгылашат, адамдын ба­сыгы бузулат. Сыртынан караганда таман ан­чалык өзгөрбөгөнү м-н бара-бара кызыл ашык­тын тегереги, согончок, буттун манжалары ши­шигенсип, акырындык м-н Ж. т. келип чыгат. Дарылоодо анын белгилерин аныктап, оорулуу­ну карап көрүп, рентгенге тартып, кагазга из калтырып чийип, таман канчалык жалпайган­дыгын, анын жумушка жөндөмдүүлүгүн, айрык­ча аскер кызматына жарарын же жарабасты­гын аныктоо ж-а дарылоо зарыл. Алдын алуу­да дене тарбия ж-а спорт оюндарына үзбөй ка­тышуу, сууда сүзүү өтө пайдалуу. Ж. т-та бут­ка күч келтире турган оюндар – оор атлетика, чуркоо, коньки тебүү жарабайт. Ж. т. байкал­ган кезде ортопед врачка кайрылуу керек. Да­рылоо гимнастикасы, укалоо, жылуу ванна пай­далуу. Атайын батеги (супинатору) бар бут ки­йимдерди же атайын супинаторду пайдалануу сунуш кылынат.