ЖАЛПАК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПАК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–4-к­дагы көчмөн сак урууларынан калган археол. эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Узун-Акмат суусунун оң өйүзүндө жайгашкан. Көрүстөндүн диаметри 8–21 м, бийикт. 0,4–2,5 м. Эстелик­тин 8 дөбө-мүрзөсү изилденген. Маркумдардын сөөгү төрт чарчы чуңкурга коюлган. Карапа

Ж а лп а к -Та ш к ө - рүстөнүнөн табылган а лты н ка ң ы лт ы р (б. ч. 6–4-к.)

идиштер, кийимге кадалчу жука алтындан жа­салган кооз буюмдар табылган. Айрыкча жука алтынга адамдын башы ж-а жырткыч куштун сүрөтү басып түшүрүлүп, кийимге кадалуучу алтын каңылтыр кызыгууну туудурат.