ЖАЛПЫ АСКЕРДИК МИЛДЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПЫ АСКЕРДИК МИЛДЕТ – өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүндө мыйзам чегинде аскердик кызмат өтөө милдети. КРдин жараны болгон бардык эркектер тегине, мүлктүк ж-а кызмат­тык абалына, билимине, тилине, динине, раса­сына, улутуна, жашаган жерине, саясий ж. б. ынанымдарына карабастан, мамлекеттин Ку­ралдуу Күчтөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү. Тынчтык мезгилде 19 жаш-


тан 40 жашка чейин мед. же башка атайын даяр­дыктан өтүшкөн, КРдин жарандары болгон аял­дар да аскердик каттоого алынып, аскердик жы­йындарга тартылып ж-а аскер кызматына ык­тыярдуу кабыл алына алат. Согуш мезгилинде КРдин Президентинин чечими б-ча аялдар кө­мөкчү ж-а атайын кызмат өтөө үчүн Куралдуу Күчтөргө чакырылышы ыктымал. Аскерге чакы­рылгандар ата мекенин, элин сүйгөндүгүн, ага берилгендигин, жан дили м-н кызмат кылууга умтулгандыгын билдирип, аскердик ант беришет. Аскердик кызмат КРдин Куралдуу Күчтөрүндө анык аскер кызматынан ж-а запастагы кызмат­тан турат. Өлкөнүн жарандары КРдин мыйзам­дарына ылайык альтернативалык (аскерден тыш­кары) кызматка чакырылышы мүмкүн.