ЖАЛПЫЛОО
ЖАЛПЫЛОО – чөйрөдөгү нерселердин баарына мүнөздүү жалпы белгилерин (касиеттерин, алакаларын, өнүгүү тенденцияларын ж. б.) аныктоо аркылуу абстракциянын жогорураак баскычына – жекеликтен жалпыга, жөнөкөйдөн татаалга, үстүрттөн тереңге, пастыктан бийикке өтүү. Бул ил. жаңы түшүнүктөрдүн, закондордун, теориялардын пайда болушуна алып келет.