ЖАМААТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМААТ – адамдардын шериктешүү формасы; өндүрүш каражаты жалпы менчик болуп, чар­баны биргелешип жүргүзүүгө, өндүрүлгөн нерсе­лерди тең бөлүштүрүү негизинде пайда болгон коом. Уруучулук коомдогу Ж. өндүрүштүк, үй­бүлөлүк, тиричиликтик, идеол. функцияларды жөнгө салган маанилүү социалдык организм бо­луп саналган. Коомдошуп жашоосунун бара-бара татаалданышы м-н адамдардын топтошуп жа­шоолору да алардын ири ж-а чакан топторун жаратты. Айылдык, коммуналдык, конфессия­лык, улуттук ж. б. Ж-тар келип чыкты. Ж-тар карама-каршы функцияларды аткарып келүүдө. Бир жагынан бул өз мүчөлөрүн калкалап алуу­га жөндөмдүү демокр. ин-т болуп саналса, экин­чи жагынан Ж. мамлекет ж-а адамдар тарабы­нан фискалдуу максаттарга, б. а. жамааттык жумушта ар бир мүчө бири бирине кепил бо­луп, алардын жооптуулугу сыяктуу каражат­тар катары пайдаланылган. Ө. ж. өндүрүшү м-н тикелей байланыштуу жаралган соода-са­тык мамилелери элеттик Ж-тарды талкалап, алардын ордун фермер чарбалары ж-а латифун­дисттер ээлеген. Маркетинг системасынын ев­роп. өнүгүү шарттарында шаардык Ж-тар да тал­каланып жок болгон. Бирок, Азия, Африка ж-а Америка континенттеринин айылдык Ж-тары азыркыга чейин сакталып, өз жашоосун улан­тууда. Азыркы кездеги Ж-тар өз мүчөлөрүнүн биргелешкен ишмердүүлүгү м-н бириктирилген ж-а жерг. өз алдынча өзү башкарган системага ээ социалдык майда уюм болуп саналат.