ЖАМАНБАЕВ 1
ЖАМАНБАЕВ Акматбек Сагынович (5. 12. 1933, Чүй р-ну, Дөң-Арык кыш. – 23. 08. 1992, Бишкек) – техника илимд. доктору (1972), проф. (1973). КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (2007, өлгөндөн кийин), 1955-ж. КАЧИ-ни бүтүргөн соң, Тянь-Шань обл. а. ч. башкармасында инженер, башкы инженер, Кыргыз ССР ИАда суу чарба ж-а энергетика б-ча ил. кызматкер ж-а лабор. башчысы (1955–67); ФПИде проректор, кафедра башчысы, декан (1967–88); Түш. кыргыз окуу-ил. борборунда директор (1988–92), КРдин билим берүү министринин бирин-

чи орун басары (1992) болуп иштеген. Ж-дин жетекчилиги астында түтүнсүз, сууга ж-а ысыкка туруктуу көмүр брикеттерин алуунун жаңы технологиясы иштелип чыккан, 7 монография ж-а 20дан ашык ил. эмгектин автору. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советине, Фрунзе шаардык советине бир нече жолу депутат болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар м-н сыйланган. СССР энергетикасынын ж-а электрлештирүүнүн, Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн, СССР жогорку мектебинин отличниги. Анын ысмы Бишкек ш-ндагы көчөгө, Оштогу Табигый ресурстарды пайдалануу ИИИге, И. Раззаков атн. КТУда кафедрага, Чүй р-нундагы айылга ж-а
Чапаев айылындагы толук эмес орто мектепке берилген.
Эмг.: Проблемы Кара-Кече. Ф., 1971; Угли Киргизии. Ф., 1986; Брикетирование углей Кыргызстана. Б., 1992.