ЖАМАНКУЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНКУЛ Бөрүбай уулу (1884, азыркы Чүй обл., Кант р-ну, Чоң-Далы айылы – ө. ж. б.) – төкмө акын. 1912-ж. Шабдан баатырдын ашын­да жар чакырып, кыргыз-казакка ырчы ката­ры белгилүү болгон. Кырг-ндын түн.-түштү­гүнөн, коңшу элдерден көптөгөн ак таңдай акын­дар чогулган чоң жыйындарда акындык өз­гөчөлүгүнөн, үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембри­нин кооздугунан улам жарчылыкты көбүнчө ага ыйгарышкан. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган ырлары эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экенин айгине­лейт. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учу­рундагы элдин башына түшкөн мүшкүлдү реал­дуу сүрөттөгөн ыры айкын мисал. Ал өз мезги­линде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган. Ж. «Манас», «Семе­тей» эпосторун да мыкты аткарган. Анын чы­гармалары 1946-ж. Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке кир­гизилген.