ВАНКЕЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́АНКЕЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ – ротор поршендү ичинен күйүчү кыймылдаткыч (ИКК). Ф. Ванкель (Германия) тарабынан 1957-ж. иштелип чыккан. В. к-нын өзгөчөлүгү бети атайын ийри (эпитрохоиде түрүндө) жасалып, цилиндрдин ичине орнотулган айлануучу үч кырдуу ротор (поршень) болот. Ротордун валы кыймылсыз шестерняга илинишкен тиштү дөӊгөлөккө бекем бириктирилген. Ротордун кырлары цилиндрдин бети б-ча сыйгаланып жылып, камерада өзүнчө өзгөрүлмөлү көлөмдү түзөт. Натыйжада соруу, кысуу, кеӊейү ж-а чыгаруу сыяктуу 4 тактылуу цикл пайда болот. Күйүүчү

Ванкель кыймылдаткычы: а – кыймылдаткычтын газ чыгаруу абалы; б – тиштү илиниш; 1. – ротор; 2 – вал; 3 – суу менен муздаткыч; 4 – корпус; 5 – от алдыргыч шам; 6 – шестерня; 7 – тиштү дөӊгөлөк; 8 – цилиндр. I. Соруу. II. Кысуу. III. Кеӊейү ү. IV. Газ чыгаруу. аралашманы даярдоо, от алдыруу (шам м-н), майлоо, муздатуу поршендүү ИККка окшош. Мындай констр. 4 тактылуу циклди атайын газ бөлүштүргүч механизми жок аткарууга мүмкүндүк берет. Практика 3 кырдуу роторлуу В. к. колдонулууда. В. к-нын массасы ж-а өлчөмү о. эле кубаттуулуктагы кадимки ИККга караганда 2–3 эсе аз болот. Кемчилиги – камераны жылчыксыз кылуу татаал ж-а иштөө мөөнөтү аз. Мындай кыймылдаткычтар Германия, Япония ж-а АКШ сыяктуу мамлекеттерде сериялык түрдө чыгарылат.