ЖАМАНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНОВА Чолпон (1927-ж. т.‚ азыркы На­рын обл.‚ Жумгал р-ну‚ Чаек айылы) – алгач­кы балерина‚ Кыргыз CCРинин эмг. сиң арт. (1954). 1937-жылы Ленинград хореогр. окуу

жайында окуган. Cогуш мез­гилинде окуусун Фрунзеде улантып‚ аны 1947-ж. бүт­көндөн кийин Кыргыз опе­ра ж-а балет театрында со­лист. 1965-жылдан Фрунзе­деги М. Күрөңкөев атн. муз.- хореогр. окуу жайында пе­дагог болуп иштеген. И. Мо­розовдун «Доктор Айболи­тинде» Танянын‚ М. Раухвер­гердин «Чолпонунда» Чол­пондун‚ «Ала-Тоо жазында» Cалтанаттын‚ о. эле

«Cалтанат» кинофильминде Шайырбүбүнүн ж. б. ролдорду аткарган. Медалдар м-н сыйланган.