ЖАМБЫЛ ОБЛУСУ
ЖАМБЫЛ ОБЛУСУ Казакстан Респ-нын түштүгүндө. 1939-ж. 14-октябрда уюшулган. Аянты 144,5 миң км2. Калкы 983,9 миң (1999). Облуста 10 адм. район, 4 шаар, 13 шаарча бар.
Борбору – Тараз шаары. Аймагынын көп бөлүгү түзөң келип, түндүгүн Бетпак-Талаа, Моюн-Кум (бийикт. 665 м, Байкара тоосу) чөлү ээлейт. Түш.-батышындагы Барак-Тоо (бийикт. 1660 м),
чыгыш ж-а түш.-чыгышында Жел-Тоо, Ай-Тоо
(1506 м), түштүгүндө Кыргыз Ала-Тоосу (400 м) жатат. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы –10…–12°С, июлдуку 25–26°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрүндө 100 ммден 500 ммге, тоолорунда 800–900 ммге чейин. Агын суулары өтө аз, ирилери: Чүй, Талас, Асса ж. б. Түн.-чыгышында Балкаш көлү жайгашкан. Газ, фосфорит, түстүү металл (алтын, күмүш), таш
көмүр, барит, гипс, туз, курулуш материалы казылып алынат. Боз, шор, шортоң топурак басымдуу. Тоо этектеринде коңур-кызыл топурак таралган. Чөлдөрүндө сөксөөл, чий, Чүй, Талас сууларынын боюнда тал-терек, тоолорунда арча, ыргай ж. б. өсөт. Тоо-кен, хим., жеңил, тамак-аш, булгаары-бут кийим, фосфорит ө. ж., спирт, май з-ддору бар. Дан эгин (буудай, арпа), жүгөрү, кант кызылча, картөшкө, жашылчажемиш айдалат. Бакчачылык, жүзүмчүлүк, этсүт багытындагы мал чарбасы, каракөл коюн
өстүрүү өнүккөн. Ири автомобиль жолу – Алматы – Мерке – Чымкент. Облустун аймагы аркылуу Бухара – Алматы газ кууру өтөт.