ЖАМГЫР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМГЫР – суу тамчысы түрүндө жер бетине түшүүчү жаан. Ж. адатта муздак тамчылар м-н муз кристаллдарын 0°тан төмөнкү темп-рада кармап турган аралаш булуттардан пайда бо­лот. Булуттагы муз кристаллдары каныгуудан бара-бара чоңоюп, салмагы оордоп, булуттан бөлүнөт. Атм-нын төмөнкү катмарында алар эрип, тамчыга айланат. Майда тамчылардын ко­шулушу да Ж-дын пайда болушуна көмөкчү. Ал кыска убакытка ж-а узакка созулуп, тыным­сыз же мезгил-мезгили м-н жаап, к а р а Ж. (чоң-чоң тамчылуу, кыска мөөнөткө созулган Ж.), а к жаан (майда тамчылуу, узакка созул­ган Ж.), н ө ш ө р (тамчы тез ылдамдык м-н түшүп, катуу жааган Ж.), ө т к ү н (бат эле жаап өткөн Ж.) болуп бөлүнөт. О. Азиянын түздүктөрүндө ж-а тоо этектеринде Ж. жылдын бардык мезгилинде жаашы мүмкүн; Ж-луу күндөр кар жааган күндөрдөн 2–3 эсе көптүк кылат.