ЖАМГЫРЛАТЫП СУГАРУУ
ЖАМГЫРЛАТЫП СУГАРУУ , ж а а д ы р ы п с у г а р у у – а. ч. өсүмдүктөрүн сугаруу ыкмасы; мында атайын тех. түзүлүштөр м-н өсүмдүккө ж-а кыртыш бетине суу жамгырдай ча-
чыратылат. Каптатып же бороздоп сугарууга караганда Ж. с. көп артыкчылыкка ээ. Топурак ж-а өсүмдүктүн нымдуулугу жакшырып, темпрасы төмөндөйт, өсүмдүк жалбырагындагы чаң жуулуп, дем алуусу, сиңириши жакшырат, орг. заттар көп топтолот. Топуракка ным тез тарагандыктан, аэрация жакшырат. Ж. с-да абада суу тамчысы кычкылтекке каныгат, топурактагы микробиол. процесстер ылдамдап, күрдүүлүгү артат. Ж. с-да айрыкча чай, жашылча өсүмдүктөрүнүн сапаты жакшырып, түшүмү жогорулайт. Сугат өлчөмүн каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул учурда ным жакшы сакталып, топурактын кубаты бузулбай, өсүмдүк текши өсүп, сугатчынын эмгеги жеңилдеп, сугат м-н жер семирткич да кошо чачууга мүмкүндүк болот. Вегетация мезгилиндеги Ж. с-да суу жерге тегиз таралып, текши сиңет, суу коромжуга учурабайт. Мында сугат нормасы өсүмдүктүн түрүнө ж-а топурак-климат шартына, о. эле жамгырлатма машинанын түрүнө жараша болот. Үзгүлтүксүз сугарууда топурак нымды жакшы тартат. Сугаттын сапаты чачыраган суу тамчысынын өлчөмүнө (1,5–2 мм), топурактын курамына ж. б. жараша болот. Жерди текши сугаруу
үчүн көбүнчө жакын аралыкка чачыратуучу жамгырлатма машина ж-а курулмалар пайдаланылат.