ЖАМГЫРЧИЕВ 2
ЖАМГЫРЧИЕВ Жума [1906, Ысык-Көл өрөөнү, Тоң болушу (азыркы Тоң р-ну, Көк-Сай айылы) – 1944] – акын. 1916-жылкы Үркүндө эл м-н бирге Кытайга барып, Ниязмаш деген уйгур байында эки жыл малай болуп жан баккан. 1918-ж. Ысык-Көлгө кайтып келген. 1919-ж. айыл ликбезинде, 1922–25-ж. Ташкенде САКУ-да окуган. 1929-ж. Кыргыз педтехникумун бүтүргөн. 1929–35-ж. Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатында иштеген. Жалал-Абад педтехникумунун директору, 1935-жылдан Ош обл-ндагы сов.-парт. мектепте, Өзбекстандын Анжиян ш-ндагы кыргыз-уйгур мектебинде, 1939–41-ж. Оштогу эки жылдык мугалимдер интунда, 1941–42-ж. Тоң р-нундагы орто мектепте мугалим болгон. Ж. техникумда окуп жүргөндө эле ыр жазган. 1931-ж. «Ырлар жыйнагы» аттуу алгачкы китеби жарыкка чыккан. Анда акындын 1939-ж. чейин жазган ырлары топтолгон. «Таңкы жарык» (1959), «Ырлар» (1975) аттуу ыр жыйнактары акындын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн. Ырларынын тематикасы – чындык, аялдар азаттыгы, карапайым элдердин эркиндиги, жаштардын билимге умтулуусу. 1944-ж. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон.