ЖАН
ЖАН (гр. psyhe; лат. anima ) – тирүүлүктүн реалдуулугунун белгиси катары колдонулуп келаткан түшүнүк; жалпысынан адамдын, жаныбарлардын психикалык жашоосуна ж-а ички дүйнөсүнө карата тарыхый жактан өзгөрүлүп туруучу көз караштарды туюндурган атама катары мүнөздөлөт; кайсы бир учурда «психика» термининин синоними катары да колдонулат. Ж. түшүнүгү көп маанилүү ж-а мазмуну жагынан да ар түрдүү чечмеленет. 1. Д и н д е: денеге эч кандай көз каранды болбогон, материалдуу эмес өзгөчө бир түпбашат (субстанция); адамдын ж-а жаныбарлардын денесинде (кээде өсүмдүктөрдө) жашап, алар өлгөндө ошол денени таштап (кээде башка денеге өтүп алып), өз алдынча жашай берүүчү өзгөчө бир рухий нерсе.Теисттик диндерде адамдын Ж-ы дегенде бул Кудай жараткан, өлбөс, кайталанбас рух башатын түшүнүшөт. 2. И д е а л и с т т и к ф ил о с о ф и я д а: өзүнчө бир бөлөкчө жашаган, материалдык эмес башталыш; бирдиктүү дүйнөбашаттын өнүгүшүнүн эң жогорку формасы. 3. М а т е р и а л и с т т и к ф и л о с о ф и яд а: адамдын ички рухий дүйнөсү, жогорку уюшулган материянын касиети катары анын өздүк аң-сезими. 4. П с и х о л о г и я д а: Инсанга таандык ж-а ага мүнөздүү рухий касиеттердин жыйындысы. 5. К ы р г ы з д ү йн ө т а а н ы м ы н д а (Теңирчиликте) Ж. денебой м-н ойдун, сезим м-н туюмдардын «ээси» ж-а тейлөөчүсү, аң м-н кыялдын рухий угуту (Чоюн Өмүралиев). Исламдын кыргыздарга кириши м-н Ж. ж-дөгү түшүнүк «Куранга» ылайык келтирилди (Азирейил жан алгыч). Аристотелде («Жан жөнүндө» трактат) Ж. – тирүү денеден бөлүнбөс активдүү, максаттуу башталма делет; Декарттын дуалисттик метафизикасы Ж. м-н денени эки бөлөк, өзүнчө турган түпөзөк катары бөлүп көрсөтөт. Т. Абдылдабеков.