ЖАНАЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАЗА (ар. маркум маанисинде) – кайтыш болгон мусулман адамга багышталып окула тур­ган дуба намаз. Ж. окуу маркумдун күнөөлөрүнүн ж-а кемчиликтеринин кечирилишин кудайдан суранып, жерге берилиши көрсөтүлгөн акыркы мусулмандык зыйнат болуп саналат. Таза жуу­луп, кепинделип, табытка салынган маркумдун сөөгү жамаат (даараты бар эркектер гана) ал­дына жерге коюлат. Ж. окуган имам маркум­дун көкүрөгүнүн тушунда кыбылага карап, жамаат имамдын артында тикесинен турушат. Ж. окууда маркумдун ким (эркек, аял, уул бала, кыз бала) экендиги, жаш курагы (жашы өтүп калган, балакатка – «күнөө» жашына жеткен– эркектерге 12 жаш, аялзаты үчүн 9 жаш, ба­лакатка жетпеген же наристе) айтылып, ошого жараша дуба окулат. Шарият шарты б-ча Ж. окулгандан кийин маркумдун сөөгү жерге бе­рилет. Өзүн өзү өлтүргөндөргө, кайырдиндерге, шейит болгондорго Ж. окулбайт.