ЖАНАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАЛИЕВ Насырынбек (5. 5. 1909, Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Ак-Жар айылы – 18. 10. 1989, Бишкек) – журналист, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1974). Фрунзе пед. техникумду (1928), КПСС БКнын алдындагы Жо­горку парт. мектепти (1953) бүтүргөн. Кырг-н журналисттер союзун түзүүнүн демилгечилери­нин ж-а уюштуруучуларынын бири (1957). 1929– 37-ж. комсомолдун Фрунзе шааркомунун бирин­чи, Өзгөн р-ндук к-тинин секретары, Ош обл. к-тинин бөлүм башчысы, «Ленинчил жаш» ге­зитинин редактору (1929–37), Кырг-н КП БКда инструктор-уюштуруучу (1937–39), «Кызыл Кыр­гызстан» (кийин «Советтик Кыргызстан») гези­тинде бөлүм башчы, редактордун орун басары, башкы редактор, башкы редакторунун биринчи орун басары (1939–42, 1964–75) ж-а өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде эмгектенген. Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1967– 71), «Ардак Белгиси», Улуу Ата Мекендик со­гуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. А. Түркмөнов.