ЖАНАРТОО
ЖАНАРТОО , в у л к а н (лат. vulcanos – от,
чок, жалын; байыркы римдиктердин мифологиясындагы от кудайы) – терең жаракалар аркылуу жер кыртышынын түпкүрүнөн көтөрүлүп
чыккан балкыган ысык магманын кыймыларакетинен пайда болгон конус сымал дөбө (к. сүрөт). Магманын курамында өтө жогорку темп-радагы газ, суу буусу, ыш, түтүн, күл, талкаланган кесек тектер, эриген абалдагы минерал заттар (лава) көп санда кездешет. Мезгилмезгили м-н жер бетине атылып чыгып турат. Айрымдары тынымсыз аракетте болот. Аракеттеги, өчүп бара жаткан, дымыган, толук өчкөн түрлөргө бөлүнөт. Аракеттеги Ж. туруктуу же мезгилдүү болот. Ж-нун сырткы түзүлүшү конус сымал болуп, чокусунда чуңкур (чанак, кратер) кездешет. Ал тереңдиктеги магма очогу м-н өзөк (жерло) аркылуу байланышат. Ж. атылуусу токтогондо өзөгү лава же талкаланган тектердин сыныгы м-н бүтөлүп калат.
Ж. б о р б о р д у к ж-а ж а р а к а түрүндө
болот. Борбордук Ж. конус түспөлүнө ээ болуп,
өзөгү тереңдиктеги магма очогу м-н байланышат. Күчтүү атылууларды пайда кылат. Атылуу күркүрөгөн үн м-н башталып, жер силкинет. Булактар соолуйт же жаңы булактар келип чыгат. Тоо капталдары терең жарылып, ысык газдар м-н суу буулары көтөрүлөт. Чанак-

тан чыккан түтүн бир нече км бийиктикке жетет, жер бетин каптайт. Чагылган чартылдап, күн күркүрөйт. Ысык кара нөшөр жамгыр көнөктөп жаайт. Чанактан лава агып чыгып,
үйдөй таштар, Ж. бомбалары асманга атылат.
Жер бетин каптаган, ысык күл, чаң, кум калыңдыгы бир нече мге жетет. Бардыгын куйкалап таштайт. Кээде ондогон км аралыкка жетип, борпоң катмарга айланат. Күл, чаң, түтүн, ыш аралашкан тумандан күндүн бети көрүнбөй калат. Тоолордон таш кулайт, көчкү жүрөт, өрт
чыгат. Акырында кратерден чоктой балкыган ысык масса (лава) жогору көтөрүлүп чыгып, дөбөнүн капталдарынан агат. Эгерде борбордук Ж. океан-деңиз түптөрүнөн орун алса, газ м-н суу буулары бийик көтөрүлүп, шлак м-н пемза, күл суу үстүндө калкыйт. Суунун темп-расы көтөрүлөт. Кээде лава көп санда агып чыгып, жаңы аралдарды пайда кылат. Ж-дон бөлүнүп
чыккан заттар катуу, суюк, газ абалында болот. Катуу заттарга талкаланган тектер, лапилла, Ж. бомбалары, кум, шагыл, күл кирет. Кратердин кырбуусунан агып чыккан лава суюк зат болуп эсептелет. Ал эми суу буулары, аммиак, метан, көмүр кычкыл газы, күкүрттүү суутек ж. б. газ абалындагы зат болуп эсептелет. Жарака Ж-лорунда лава терең жаракалардан чыгып жай агып турат. Күчтүү атылууларды пайда кылбайт. Кээ бир Ж. лавасы жок эле күчтүү атылууга дуушар болот. Натыйжада жер астынан күчтүү басым м-н көтөрүлүп келе жаткан газдар жолунда кездешкен тектерди талкалайт. Талкаланган кесек бөлүкчөлөр чанакты курчап калат. Ортосунан жайык чуңкур орун алат. Мындай чуңкур маар деп аталат. Маарга суу толуп, чакан көлгө айланат. Эгерде жайык чуңкурдун диаметри ондогон кмге жетсе, аны кальдера дейбиз.
Ад.: Влодавец В. И. Вулканы Земли. М., 1973; Апродов В. А. Вулканы М., 1982; Действующие вулканы Камчатки. М., 1991. Т. 1–2. Ч. Иманалиев.